Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 13.03.2018 09:49

Ат-башылык Данияр дзюдо боюнча өткөн республикалык турнирде коло тагынды (фото)

Turmush -  Бишкек шаарында дзюдо боюнча 2003-2005-жылдары төрөлгөн балдар арасында өткөн республикалык турнирде ат-башылык Бактыбек уулу Данияр 3-орунду ээлеп, коло медалдын ээси болду.

Маалым болгондой, Данияр бул сыйлыкты 66 кг салмак даражадагы балбандар арасында алган.

Данияр Ат-Башы айылындагы «Дордой» спорт клубунда машыгат. Анын машыктыруучусу Темирбек Абдылдаевдин айтымында, Данияр аз убакыттын ичинде эле ыкмаларды өздөштүрүп, мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүккө ээ болгон.

«Райондук, облустук мелдештерде жеңүүчү болду. Учурда ал Карыбек уулу Акматалы атындагы орто мектебинде 9-класста окуйт. Сабактан кийин спорт менен машыгып келет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×