Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Айыл турмушу: Ак-талаалык Ш.Базаров айылда жаңы мончо ачып, күнүнө 1000 сомдон пайда таап жатат (видео)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 57 жаштагы тургуну Шайлообек Базаров 2 жумадан бери мончо иштетип, күнүнө 1000 сомдон ашык киреше таап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Баетов айылына көчүп келгенине 3 жылдын жүзү болду. Буга чейин Бишкек шаарында курулуш тармагында жана ар кандай жумуштарда иштеп келген. Акыры өзүнүн киндик каны тамган айылына кайтып келип, чакан чарба түптөдү. Акыры заманбап мончо салып, 2 жумадан бери калкты тейлеп, кызмат көрсөтө баштады.

«Кудайга шүгүр, жумуш жок дебей, акыл калчап иш кылса жумуш болот. «Жумуш жок» деп чет жактарга кете берүү деле туура эмес. Өзүңөр көргөндөй аракет кылып, жакшы мончо салып алдым. Мончо 2 бөлмөдөн турат. Бир жагы жалпы, бир бөлүгү үй-бүлөлүүлөр үчүн. Жалпысына 20 адам батат. Жууну убактысына чек жок жана баасы 80 сомдон. Үй-бүлө менен түшкөндөргө 1,5 саатка 250 сомдон. Ысык суу, муздак суусу бар. Санитардык абалдарга толук жооп берет. Ички температурасын өлчөп туруу үчүн өлчөө жабдыктары орнотулган. Буйруса жакында чайкануучу жайын дагы бүтүрөм», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жайкысын балдардын эс алуусуна шарт түзүү максатында бассейн курууну дагы пландап жатканын кошумчалады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2801
Көп окулду
×