Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 12.03.2018 16:42

Айыл турмушу: Ат-Башыга этти кайра иштетүү ишканасын ачкан Б.Абышов ишинин өксүгү менен өнүмүн айтып берди (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын тургуну Бейшен Абышовдун чакан ишканасынан бодо малдын даяр эти чыгарылат. Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы 4 жылдан бери мамлекеттин, аймактын өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан жеке ишкер Б.Абышовдун ишканасы менен жеринен таанышып келди.

Элди даяр эт менен, жердештерин иш менен камсыз кылган жеке ишкер 4 жыл мурун чүчпара чыгарган чакан ишкана ачкан. Ал ишканасы учурда кеңейип, даяр этти чыгаруунун үстүндө иштеп жатат. Эми Б.Абышов ишканасындагы продукциясын чет өлкөлөргө дагы экспорттоону максат кылууда.

«2014-жылы бул ишканадан чүчпара чыгарып баштагам. Албетте, бир продукцияны чыгарып эле жүрө бербестен, ишкананы дагы кеңейтүүнү чечтим. Бардык керектүү техникаларды алып, 2017-жылдан баштап топоздун, уйдун, жылкынын даяр этин чыгарып келе жатабыз. Бул даяр эттерге элдер жаңы көнүп, суроо-талаптар дагы көбөйө баштады. Учурда чет өлкөлөрдөн сапатсыз азыктар көп келип, элибиздин ден соолугуна да залалы тийип жатат. Биздин максат — элге сапаттуу эт азыктарын даярдап берүү», - деди ишкер.

Аталган ишкана эт азыктарын эле даярдап, өндүрүмдүүлүгүн көбөйтпөстөн, күрүч жана гречкадан ботко чыгарууда.

«Негизи колдон келсе пайдалуу, сапаттуу азыктардын түрүн көбөйтүү керек. Тилекке каршы учурда тендер деп эле, башка жактын сапатсыз азыктары акчанын күчү менен өтүп жатат. Мисалы, армиядагы балдарыбызга Кыргызстандан эле чыккан, сапаттуу, каллориялуу азыктарды берсек абдан жакшы эле болмок. Учурда тендерден өткөн башка өлкөнүн фирмасынын пайдалуулугу аз азыктары өтүп, биздин сапаттуу азыктар өтпөй жатканы өкүнүчтүү болуп жатат. Биз башка өлкөлөргө экспорт кылалы деп аракет кылып, бир канча өлкөлөргө жактык. Бирок алардын талаптары боюнча абдан көп өлчөмдөгү азыктарды жөнөтүшүбүз керек экен. Ал эми биз анчалык азыктарды чыгаруу үчүн ишкананы толугу менен кеңейтүүбүз керек. Андан сырткары Ат-Башы боюнча мал соючу ишкананын жоктугу көйгөйдү жаратып келет», - деди ал.

Аталган көйгөйлөр менен тиешелүү жерлерге кайрылып, бирок тыңгылыктуу жооп ала албаган ишкер бул жылы өкмөттөн жардам болоруна үмүттөнүп жатканын кошумчалады.

«2016-жылдан бери Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна чакан ишканаларга насыя берүү боюнча долбоорлорду жазып, каражат ала албай жатабыз. Бул тууралуу азыркы өлкө башчыбыз Сооранбай Жээнбековго премьер-министр болуп турган учурда кайрылгам. Өлкө башчыбыз быйылкы жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялады. Эми ошого жараша аймактарыбызды өнүктүрсөк, өлкөбүз өнүгөт. Чоңдорубуз ишкерлерди колдоп жардам берсе, элибиз дагы жумуш менен камсыз болуп, аймактарыбыздын өнүгүүсү да алдыга жылат эле. Буюрса долбоорум өтүп кетсе, Ат-Башы районуна даяр эт иштетүүчү ишкана мал соючу жайы менен курулат эле», - деди ишкер.

Б.Абышовдун ишканасында учурда 7 киши эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×