Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 12.03.2018 13:42

Жумгал райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы менен архивдин имараты оңдоого муктаж (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын имараты толук оңдоп-түзөөгө муктаж. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кошмо жыйынында айтылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кошмо жыйындын төрагасы Калыбек Ажыгуловдун айтымында, райондо маданий жана социалдык мекемелердин абалы оор жана оңдоп-түзөөгө муктаж. Алардын катарында райондук архивдин жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын имараттары турат.

«Архивдин имараты жарактан чыккан, ушул жылы урап калат. Убагында Каржы министрлиги 7 млн сом бөлүп, бирок кийин бул каражатын кайтарып алышкан. Азыр архивдин ичинде отуруп иштөө өтө кооптуу. Ал эми социалдык өнүгүү бөлүмүнүн имараты 1964-жылдары курулуп, 50 жылдан ашык өмүр сүрүп калган. Ушу учурга чейин имаратта чоң оңдоо иши болгон эмес. Каражаттын жетишсиздигинен эки жылда бир жолу сырдалып, акталып турат. Мекеменин пайдубалында жарака бар, чөгүп кеткен. Бул имарат ашар менен курулган. Эми дубалдарынан жарака кетип, шыптары чирип, чатыры талкаланган абалда турат. Өкмөт жок дегенде капиталдык оңдоого каражаттан колдоо беришсе деп жатабыз», - деди К.Ажыгулов.

Аталган архивде онго жакын ал эми, социалдык өнүгүү башкармалыкта 36 кызматкер эмгектенип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×