Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Нарын

Ак-Талаада алгачкы жаз жамгыры электр жарыгын өчүрдү

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жааган жаандын кесепетинен электр жарыгы өчтү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Маалым болгондой, 11-марттан 12-мартка караган түнү болжол менен саат 03:30 чамасында электр жарыгы өчүп калган.

«Түндө жамгыр жаап жаткан учурда электр жарыгы өчүп калды. Учурда кызматкерлер электр жабдууларын текшерип жатышат. Кандай оңдошсо эле, ошондой электр жарыгы күйөт», - деди райондук электр тармагынын башчысы Таалайбек Турганбаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1239
Көп окулду
×