Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Нарын облусу, Нарын 12.03.2018 09:25

Нарында кыргыз күрөшү боюнча өткөн облустук турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Нарын шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде белгилүү кыргыз балбаны Алмаз Жапаковдун жаркын элесине арналган кыргыз күрөшү боюнча облустук турнир өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, турнирдин максаты — кыргыз күрөшүн өркүндөтүү жана балбандар арасында достук мамилени чыңдоо. Ага Ат-Башы, Жумгал, Ак-Талаа, Нарын райондорунан жана Нарын шаарынан 113 балбан катышып, 10 салмактык чен бирдикте ат салышты. Мелдешти өткөрүүгө демөөрчү болгон маркумдун иниси Абдылдабек Жапаков жана Кыргыз күрөш федерациясынын вице-президенти Мирбек Атабеков турнирдин жеңүүчүлөрүн куттуктап, тиешелүү даражадагы дипломдорду жана баалуу белектерди тапшырды.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

30 кг салмак боюнча:
- 1-орун Бекмырза уулу Санжар (Ийри-Суу айылы, Нарын району);
- 2-орун Турсунбек уулу Ханбол (Казан-Куйган айылы, Нарын району);
- 3-орун Алымбек уулу Барсбек (Казыбек айылы, Ат-Башы району);
- 3-орун Доктурбек уулу Жакшылык (Куйручук айылы, Жумгал району).

36 кг салмак боюнча:
- 1-орун Доктурбеков Амантур (Кызарт айылы, Жумгал району);
- 2-орун Өмүрбек уулу Айдин (Кызарт айылы, Жумгал району);
- 3-орун Жумакожоев Байэл (Кызарт айылы, Жумгал району);
- 3-орун Чынарбек уулу Эмил (Куйручук айылы, Жумгал району).

44 кг салмак даража боюнча:
- 1-орун Талантбек уулу Акылбек (Куйручук айылы, Жумгал району);
- 2-орун Акылбеков Дөөлөт(Куртка айылы, Ак-Талаа району);
- 3-орун Кайыпбеков Ислам (Казыбек айылы, Ат-Башы району);
- 3-орун Өзүбеков Арлен (Куйручук айылы, Жумгал району).

52 кг салмак даража боюнча:
- 1-орун Кубанычбеков Кутман (Ат-Башы айылы, Ат-Башы району);
- 2-орун Калыков Темирлан (Казыбек айылы, Ат-Башы району);
- 3-орун Кожоев Эрбол (Кызыл-Туу айылы, Ат-Башы району);
- 3-орун Муратбек уулу Бектурган (Кара-Суу айылы, Ат-Башы району).

62 кг салмак боюнча:
- 1-орун Жакшылыков Аман (Ача-Кайыңды айылы, Ат-Башы району);
- 2-орун Кубанычбек уулу Кылыч (Казыбек айылы, Ат-Башы району);
- 3-орун Сыдыев Сыймык (Нарын району);
- 3-орун Жалообек уулу Нуржигит (Ача-Кайыңды айылы, Ат-Башы району).

33 кг салмак даража боюнча:
- 1-орун Жеңишбек уулу Марлен (Куртка айылы, Ак-Талаа району);
- 2-орун Ырысбек уулу Байболот (Казыбек айылы, Ат-Башы району);
- 3-орун Асеков Кутман (Нарын району).

40 кг салмак даража боюнча:
- 1-орун Мирлан уулу Турдумамбет (Ат-Башы айылы, Ат-Башы району);
- 2-орун Токтобек уулу Дайырбек (Куйручук айылы, Жумгал району);
- 3-орун Ыбыраймакун уулу Арген (Ат-Башы айылы, Ат-Башы району);
- 3-орун Кенжебеков Адилет (Нарын району).

48 кг салмак даража боюнча:
- 1-орун Байсбеков Стамбек (Казыбек айылы, Ат-Башы району);
- 2-орун Мирлан уулу Арлен (Ача-Кайыңды айылы, Ат-Башы району);
- 3-орун Нурлан уулу Улан (Нарын району);
- 3-орун Алмазбек уулу Чолпонбек (Ийри-Суу айылы, Нарын району).

57 кг салмак даража боюнча:
- 1-орун Муканбетов Бекзат (Казыбек айылы, Ат-Башы району);
- 2-орун Майрамбеков Аскат (Казыбек айылы,А т-Башы району);
- 3-орун-Мырзабеков Азизбек (Куйручук айылы, Жумгал району);
- 3-орун Алманбет уулу Аттокур (Ак-Тал айылы, Ак-Талаа району).

69 кг салмак даража боюнча:
- 1-орун Сырдыбек уулу Бектурган (Ак-Тал айылы, Ак-Талаа району);
- 2-орун Султанкул уулу Адилет (Ийри-Суу айылы, Нарын району);
- 3-орун Чынарбеков Туратбек (Куйручук айылы, Жумгал району);
- 3-орун Тынчтыкбек уулу Акжол (Кызарт айылы, Жумгал район).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×