Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Айыл турмушу: Акимдин мурунку орун басары Ак-Талаага 2 миң долларлык асыл тукум тулпарларды алып келди (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Баетов айылында жашаган Качкынбек Абышбаев асыл тукум жылкыларды көбөйтүү максатында 2 миң доллардан сатып келген тулпарларды багууда. Анын чарбасы менен аймактык кабарчы таанышты.

К.Абышбаев СССР учурунда бир катар кызматтарды аркалап, кийин акимдин биринчи орун басары болуп эмгектенген. Учурда өзүнүн чоң мал фермасын түптөп, үй-бүлөсү, балдары менен биргеликте топоз, жылкы жана кой багуу менен алектенүүдө.

Тажрыйбалуу фермер асыл тукум жылкыларды көбөйтүүнү максат кылып, 2017-жылы Чүйдөн 2 миң долларга 1 күлүк, Ысык-Көлдөн 1 жорго сатып алган. 2017-жылдын күзүндө «Бермет жал» ат майданында өткөн түшүм майрамындагы чоң мелдеште күлүгү аламан жарыштан 1-орунду ээлесе, жоргосу 2-орунду камсыздап, байгелүү кылган. Учурда аларды улуттук ат оюндарына катышууга таптап жатат.

«Өзүбүз үй-бүлөбүз менен мал чарбачылык менен алектенебиз. Мурун малдын сапатына эмес, санына басым кылыптырбыз. Эми сапатка өтөлү деген максат менен асыл тукум жылкыларды көбөйтүүнү пландап, иш баштадык. Кымбат баага сатып келген жылкыларды мелдешке салып, байге утуу эмес, тукум алып, көбөйтүү эң биринчи максатыбыз. Кыргыз эли байыртадан жылкыга жакын болуп, кыргыздын чыгаан баатырлары сындуу тулпарларды минип келишкен. Бул биздин кыргыз экенибизди далилдей турчу фактор.

Биз фермада саяпкер жалдабайбыз. Күлүктү кичүү уулум Нурлан таптаса, жоргону улуу балам Руслан таптап, өз убагында тоютун берип багып жатышат. Айрым учурларда куда-сөөк, достор менен бирге тулпарларды минип алып сейилдейбиз», - деди К.Абышбаев.

Ошондой эле, жылкынын асылдуулугун жогорулатуу, асыл тукум жылкыларды көбөйтүү бүгүнкү күндүн талабы экенин кошумчалады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4622
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×