Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 11.03.2018 18:10

Көк-Ой айыл өкмөтү үнөмдөлгөн 755 миң сомго «КамАЗ» сатып алды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айыл өкмөтү өзүнүн бюджетиндеги үнөмдөлгөн каражатка оор жүк тарткан унаа сатып алышты. Бул тууралуу айылдык кеңештин депутаттары кабарчыга билдирген.

Айылда буга чейин долбоорлор аркылуу айыл чарбага керектүү жабдыктар алынган. Ошондой эле, жайыт комитети 1 жыл мурда жеңил унаалуу болушкан эле.

2017-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн 755 миң 800 сомго «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаа сатып алуу демилгеси да колдоо тапты. Ал унааны айылдыктар колдонуп, коомчулукка муниципалдык техника катары кызмат кылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×