Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Чүй

Видео, фоторепортаж — Бишкекте 9 жылкынын этинен 1,5 тоннага жакын бешбармак бышырып, 110 метр чучук жасашты

Turmush -   Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарында 1 тоннадан ашык бешбармак бышырылып, 110 метр чучук жасалды. Бешбармак үчүн жалпы 9 баш жылкы союлганын иш-чаранын демилгечиси болгон «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмесинин өкүлү Жамалбек Ырсалиев Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Бүгүнкү иш-чарага Европадан келген 2 ашпозчу катышып жатат. Ал эми бешбармак үчүн 150 литрлик 12 тай казан орнотулган.

Бул демилгени Гиннестин Рекорддор китебине жаңылык киргизүү максатында көтөрүп чыгышкан эле. Уюштуруучулардын акыркы маалыматы боюнча, Лондонго жөнөтүлгөн билдирүү кабыл алынып, 1-турдан өткөрүлгөнү тууралуу жооп да келди. Эми бүгүнкү иш-чарада тартылган видеотасма жөнөтүлөт.

Анын айтымында, жылкылардын баардыгы демөөрчүлөр тарабынан (5 жылкыны Н.Миңбаев, 2 баш жылкыны У.Бакытбеков, 1 баш жылкыны Ч.Шейшекеева жана 1 баш жылкыны жеке компаниялардын бири сатып берди) алынган.

«Даяр болгон бешбармак 1,464 кг (казан менен 1,902 кг) болду. Анын 700 кг сөөктөрү жок таза эт. Камырын компаниялардын бири демөөрчү болуп даярдады.

40 жигит таң аткыча колго эт туурап чыкты. Алардын ар биринин санитардык китепчеси бар. Гиннестин Рекорддор китебинин жобосу боюнча эт туурагандар арасында антисанитария болбошу үчүн сынак болгон жок. Ошондой эле, 7 облустун аксакалдарына 7 уча даярдалды.

Ал эми, 9 жылкынын ич этинен 110 метр чучук жасалды. Ар бир жылкыдан 15-17 метр чучук чыгат», - деди Ж.Ырсалиев.

Анын айтымында, уюштуруу иштерине Бишкек шаардык мэриясы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, санитардык коопсуздукту көзөмөлгө алган адистер, дарыгерлер жана ыктыярчылар колдоо көрсөтүп жатышат.

Уюштуруучулар Гиннестин Рекорддор китебине каттоонун эрежелерин так аткарууга аракет кылууда. Ал эми 1650 доллар өлчөмүндөгү мүчөлүк акыны Кыргызстандагы жеке компаниялардын бири төлөгөн.

Нарындыктардын ыкмасы менен бышырылган бешбармак шаардыктарга, иш-чараны атайын көргөнү чогулган меймандарга берилип жатат. Ошондой эле балдар үйлөрүнө, карылар үйүнө алып кетишти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 33523
Көп окулду
×