Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Ийри-Суу айылында майып балдарга акчалай жардам көрсөтүлдү

Turmush -  Нарын районундагы Ийри-Суу айылында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга акчалай жардам берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургун Ж.Ибраев билдирди.

Анын айтымында, шал оорусу менен жабыркаган 5 балага жана мектепте окуган 2 балага 10 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле, окуучу балдарга окуу куралдар, керектүү кийим-кечектер жана таттуулар берилди. Алардын апаларына да баалуу белектер тапшырылды.

Жыйынтыгында М.Байдөөлөтов атындагы орто мектептин окуучулары чакан программадагы концерт тартуулашты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1048
Көп окулду
×