Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Нарын облусуНарын району 10.03.2018 10:18

Нарында «Жоокер ыры» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Нарын районунда мектеп окуучуларынын арасында «Жоокер ыры» аталышындагы кароо-сынак өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сынак Нарын шаардык бириккен аскер комиссариаты жана райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага 26 мектептен 80ге жакын окуучу катышты.

Жеңүүчүлөр:

Согуш жылдарындагы ырлардын мыкты аткаруучулары:

1-орун — Медер Мырсалиев, Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу;

2-орун — Жоодар Субанбек уулу, Р.Усубалиев атындагы мектептин 10-классынын окуучусу;

3-орун — Акмарал Акматалиева, М.Бекмуратов атындагы мектептин окуучусу.

Аскердик патриоттук ырлардын мыкты аткаруучулары:

1-орун — Үмүт Калдарбеков, А.Аралбаев атындагы мектептин окуучусу;

2-орун — Асема Бейшенбекова, Э.Токсобаев атындагы мектептин окуучусу;

3-орун — Эржан Аскарбеков, А.Тыныбек атындагы мектептин окуучусу.

Патриоттук чыгарманы көркөм окуу:

1-орун — Раяна Шарапова, К.Абиров атындагы мектептин 4-классынын окуучусу;

2-орун — Бегайым Мирбекова, А.Тыныбек атындагы мектептин окуучусу;

3-орун — З.Орозобекова, Ж.Мамбетов атындагы мектептин окуучусу.

Аларга Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатынын тиешелүү даражадагы дипломдору тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×