Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 09.03.2018 17:02

Нарында билимин жогорулаткан имамдарга сертификат тапшырылып, ак калпак кийгизилди (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы облустук казыятта облустагы мечиттердин имамдарын окутуу боюнча 10 күндүк курс аяктап, бүтүрүүчүлөргө сертификаттар берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын казыятынан билдиришти.

Маалым болгондой, имамдардын билимин жогорулатуу боюнча курстун биринчи айлампасы аяктап, экинчи айлампасы башталган.

«Бүгүнкү күндө Нарын казыятында облустун имамдарынын билим деңгээлин жогорулатуу максатында уюштурулуп жаткан 10 күндүк имамдык курс аягына келип, экинчи айлампасы болуп жатат. Биринчи айлампада окуган имам-хатибдерге сертификаттар тапшырылып, ак калпактар кийгизилди. Учурда экинчи айлампада облустун жер-жерлеринен келген имамдар Куран жаттоо, хадис, тил маданияты, фикх, тажвид, хутба кылуунун жолдору, акыйда, диндер тарыхы сабактарынан окуп жатышат. Андан сырткары спорттук иш-чараларга дагы катышып, тегерек столдо сүйлөп практика кылышууда.

Бул курс облустун бардык имамдарын окутуп бүткөнгө чейин улантылат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×