Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Нарын

Айыл турмушу: Тарбиячы Фарида айым бала бакчага көргөзмө куралдардын түрүн жасайт (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын 37 жаштагы тургуну Фарида Турсунбек кызы 8 жылдан бери «Ак-Дил» бала бакчасында тарбиячы болуп эмгектенип, кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча мугалим жана сүрөтчү.

«Мен 1999-жылы Нарын педагогикалык колледжинен башталгыч класстардын мугалими адистигин жана сүрөтчү кесибин алып чыккам. Ушул эле жылдан тарта 10 жыл бою Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылында өз кесибим менен эмгектендим. 2009-жылы бала бакчага кирип, ошондон бери тарбиячы болуп иштеп келем. Бул иш жоопкерчиликтүү. Мен балдарды жакшы көргөндүктөн эс алуу убагында дагы аларды сагынып турам.

Бала бакчадагы бардык көргөзмө куралдарды жасайм. Кээде кичинекей балдардын ойноп жатканын көргөндө идея жаралып, аларга түрдүү оюнчук жасап, жылмаюу тартуулайм. Келечекте жумшак оюнчуктарды жасайын деген оюм бар», - деди ал.

Фарида айым быйыл бала бакчалар арасында өткөн «Мыкты көрсөтмө курал» кароо-сынагында 1-орунга ээ болгон. Ал учурда 2 уул, 2 кыздын апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2008
Көп окулду
×