Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Нарын облусу, Нарын 09.03.2018 15:36

8-март: Нарында памирлик айымдарга майрамдык белектер тапшырылды (фото)

Turmush -  Нарын шаарында 8-март — Аялдардын эл аралык тилектештик күнү салтанаттуу белгиленип, 60 аялга белектер тапшырылгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында майрамдык иш-чара белгиленип, ага Нарын облусунун аймагынан 60 аял чакырылган. Аларга облус башчысы Аманбай Кайыпов аталган өкүлчүлүктүн атынан баалуу белектерди тапшырды. Ошондой эле, Ат-Башы айылынын 96 жаштагы тургуну Мария Ибраимовага жана памирлик үч айымга да белектерди берди. Андан соң, майрамдык дасторкон даярдалып, Нарын облустук академиялык музыкалык-драма театрынын артисттери өнөрлөрүн тартуулашты. Иш-чараны өткөрүүгө резервдик фонддон 48 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×