Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 09.03.2018 14:10

Ак-Талаада жашы жете электерге көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жашы жете электерге көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу иштери жүргүзүлүп жаткандыгын райондук прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, жашы жете электерге көрсөтүлгөн зордук-зомбулукту жана укук бузууларды болтурбоо жана алардын алдын алуу максатында райондогу бардык орто мектептерде окуучулардын жана ата-энелердин катышуусунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Түшүндүрүү иштери буга чейин 11 орто мектепте өткөрүлсө, эми калган орто мектептерде өткөрүлүп баштайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×