Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 09.03.2018 13:52

Ак-талаалык тургундар үйлөрүн актап, кыйшыйган тосмолорун оңдошу керек, - облус башчы (фото)

Turmush -  Нарын облусунун башчысы Ак-Талаа районундагы айыл өкмөттөрдүн жетекчилерине айылдарды тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүнү буйруду. Ошондой эле, айыл тургундарына тосмолорду түздөп, сырдап жана үйлөрдү актоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, 6-март күнү Нарын дарыясындагы көпүрөнүн курулушу менен таанышууга барган облус башчысы Аманбай Кайыпов Ак-Тал айыл өкмөтүнүн кеңсесине баш багып, андагы кызматкерлер менен жолугушуп, бир нече тапшырмаларды берди. Анда облус жетекчиси айылдагы квартал башчылар же айыл өкмөттөгү кызматкерлер эл менен тыгыз байланышып, аларга үйлөрдү актоо, көчөдөгү жыгач тосмолорду сырдоо, оңдоп-түзөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин тапшырды. Ошондой эле үй-бүлөнүн муктаждыктарын убагында билип, тиешелүү чараларды колдонуу зарыл экендигин белгилеп өттү. Эгер бул тапшырмалар аткарылбаса, айыл өкмөт башчылары жооп берерин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×