Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 07.03.2018 18:56

Нарын дарыясындагы чоң көпүрөнүн курулушуна байланыштуу унааларга чектөө киргизилди (видео, фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Ак-Тал-Чат аймагындагы Нарын дарыясындагы чоң көпүрөнүн курулуш иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу 5 күнгө автоунаалардын каттоосуна чектөө киргизилди.

Маалым болгондой, кечээ, 6-мартта өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Ак-Талаага иш сапары менен барып, аталган көпүрөнүн курулуш иштери менен таанышты. Ошондой эле, учурда көпүрөнүн алдыңкы тирөөчтөрүн алуу жана ордуна жаңы тирөөчтөрдү орнотуу иштери башталып жаткандыгына байланыштуу автоунаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди.

Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы жол оңдоо курулуш башкармалыгынын башчысы Сыргаболот Кожобергеновдун айтымында, азыркы тапта көпүрөнүн 40% жумушу аткарылып, Нарын суусун оң капталга буруучу убактылуу дамба курулган. Учурда убактылуу жол салынып жана аны менен бирге эле көпүрөнүн тирөөчтөрүн алмаштыруу иштери жүрүп жатат.

Көпүрөнүн курулуш иштери менен таанышууга келген облус башчысы А.Кайыпов курулуш иштери канча күндө бүткөрүлөрү туурасында жол оңдоо курулуш башкармалыгынын башчысы Сыргаболот Кожобергеновго суроо узатты.

«Учурда, күйүүчү май жана техникалар жетиштүү. Бирок жумуш үзгүлтүккө учурап калбашы үчүн 15 млн сом каражат керек болууда. Нарын суусунун деңгээли көтөрүлгөнгө чейин көпүрөнүн алдыңкы бөлүгүн бүткөрүп алалы деп аракеттенип жатабыз. Учурда, темир-бетон конструкцияга буйрутма бердик. Ал жасалып жатат. Темир-бетон конструкциясы даяр болгучакты, биз дагы көпүрөнүн алдыңкы бөлүгүн бүткөрүп жетишебиз. Кудай буюрса, май айынын ичинде толук пайдаланууга беребиз деп пландап жатабыз», - деди С.Кожобергенов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×