Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Өз өмүрүнө кол салган окуучу кыздын денеси Нарын суусунан табылды

Turmush -  Нарын шаарында 6-класстын окуучусу өз өмүрүнө кол салып каза болду. Бул маалыматты Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Мамбетов тастыктады.

Анын билдиргенине караганда, каза болгон окуучу кыз мектепте жакшы окуп жүргөн.

«Бул окуя боюнча биз дагы тактадык, мектептен сураштырдык. Ата-энесинин айтымында, кечки саат 19:30 чамасында Ж.А. эшикке чыгып кеткен. Андан соң ата-энеси кызын түнү менен издешиптир. Кыздын сөөгү эртеси — 6-март күнү кечинде Нарын суусунан табылган.

Окуучу мектепте абдан жакшы окуган кыз болчу. Мектепте ага байланыштуу эч кандай маселе болгон эмес. Кыздын ата-энеси жакшы жумуштарда иштешет экен. Атасы "мектепке эч кандай дооматым жок, болгону үйдө түшүнбөстүктөр болуп калды" деп айтты. Азырынча бул окуя боюнча такталган маалыматты айтуу кыйын», - деди К.Мамбетов.

Алдын ала маалыматтарга караганда, окуучу кыз сууда 2-3 км аралыкка чейин аккан. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Айрым маалыматтар боюнча, Нарын шаарынын Матен Сыдыков атындагы №7 орто мектебинин 6-классынын окуучусу Ж.А. 5-март күнү Нарын шаарынын Москва чөлкөмүндөгү асма көпүрөдөн секирген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9549
Көп окулду
×