Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 07.03.2018 12:48

Ат-Башы районунда Аялдардын эл аралык күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районунда 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык кече уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган иш-чара Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы жана аялдар кеңеши тарабынан уюштурулган.

«Мындай иш-чара жыл сайын майрам алдында уюштурулат. Былтыркы жылы район аймагындагы мекемелердин техникалык кызматкерлерин куттуктаганбыз. Быйылкы жылы көп балалуу жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар апаларды чакырдык. Алар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын багып жатып, майрамды деле унутуп калышат. Аз да болсо майрамдык маанай тартуулайлы деп, бүгүнкү иш-чараны уюштурдук», - деди акимдин орун басары Ажара Дюшеналиева.

Кеченин жүрүшүндө аялдарга ыраазычылык кат жана баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле сый тамак уюштурулуп, райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.

Бул майрамдык иш-чарага жергиликтүү бюджеттен 25 миң сом акча каражаты бөлүнсө, 5 миң сом жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×