Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Нарын

Айыл турмушу: 10 жылдан бери шырдак жасап саткан С.Ормонова тойлордо ырдап киреше табат (фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын 35 жаштагы тургуну Салима Ормонова 10 жылдан бери шырдак жасап келет. Анын эмгегин аймактык кабарчы көрүп келди.

Өзүнүн айтымында, кыздарга сеп камдап жүрүп, шырдак жасоону үйрөгөн.

«Мен кичинекей кезимде эле өзүмдүн апамдын жасаган эмгектерине кызыкчумун. Турмушка чыга элек кезимде кыздарга сеп камдап жүрүп, шырдак жасоого баш отум менен кирдим. Кийиз, боз үйдүн жабдыктарын, шырдак, бут кийим сүргүч, жаздыкчаларды жасайм. Эки жылдан бери уз-чебер кошуналарымдын жасаган эмгектерин сатып жаткандарын көрүп, мен да сатыкка чыгара баштадым. Жасаган эмгектеримдин баалары шырдактын чарчы метрине жараша болот. Ошондой эле 2017-жылы "Шырдак" фестивалына катышып, бир катар мактоо баракчалардын ээси болдум. Мындан тышкары ырдоого кызыгам. Ат-Башы районунан атайын чакыруулар менен барып, кошумча киреше табам», - деди ал.

Чебер айымдын жолдошу Ж.Кубатов экөөнүн баш кошконуна быйыл 17 жылдын жүзү болду. Алар учурда 2 кыз, 3 уулду тарбиялап жатышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1290
Көп окулду
×