Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусу, Нарын 06.03.2018 15:40

Нарында Аймактарды өнүктүрүү жылына карата интеллектуалдык таймаш уюштурулду (фото)

Turmush -  Нарын шаарында Аймактарды өнүктүрүү жылына карата «Биз Кыргызстандын ыктыярчыларыбыз» тобу илимге кызыккандар үчүн интеллектуалдык таймаш уюштурушту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган таймашка студенттерден, окуучулардан түзүлгөн 12 команда катышып, алар Кыргызстандын тарыхы, из калтырган инсандар, дүйнөлүк бренд, кыргыз киносу, жаныбарлар жана башка багыттар боюнча жалпы 80 суроого жооп беришти. Оюндун жыйынтыгында 1-орунду 56,5 упай менен «Максат» командасы жеңип, 2 миң сом, китеп жана республикалык таймашка жолдомо алды. 2-орунду 48,3 упай менен «Шумкар» командасы алып, 500 сом жана китеп менен сыйланды. Ал эми, 3-орунду 47,5 упай менен «Алга» командасы ээлеп, китеп жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Бул таймаштын уюштуруучусу Нурдин Раимкуловдун айтымында, иш-чаранын максаты — илимге кызыккан активдүү жаштардын баштарын бириктирип, өнүгүүгө бирге кадам таштоо.

«Интеллектуалдык оюндун биринчи таймашы Нарын жергесинде башталды. Эми бардык облустарда уюштурулуп, жеңүүчү командалар республикалык деңгээлде өтүүчү таймашка катышат. Бизге уюштуруу иштерине демөөрчүлөр жардам берип жатышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×