Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 06.03.2018 13:48

Фоторепортаж — Памирлик эки үй-бүлөнүн Ат-Башынын Чар кыштоосундагы жашоосу

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Чар кыштоосунда өткөн жылы Ооганстандан Кыргызстанга келген памирлик кыргыздардын эки үй-бүлөсү жашап жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы алардын жашоосун жеринен көрүп келди.

Учурда Чар кыштоосунда памирлик Акбай уулу Сайфирахман жубайы Рабия жана баласы Пооинда менен, Дарвиш Васи уулу жубайы Лалбүбү жана баласы Иманкожо менен жашап жатышат.

Памирден келген этникалык кыргыздардын ичинен аталган эки үй-бүлө 2017-жылдын 11-декабрынан баштап Ат-Башы райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Абылкадыр Касымовдун жеке көзөмөлүнө өткөрүлүп берилген. Жакында эле ар бир үй-бүлөнүн бир баласына 1215 сом жөлөк пул чектелип, эки үй-бүлө февраль айынан тартып жалпы 2430 сомдон жөлөк пул алып башташкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×