Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусуНарын району 06.03.2018 11:18

Нарында хоккей боюнча облустун ачык биринчилиги өттү (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы Т.Токтосунов атындагы спорт ордосунда 5-мартта хоккей боюнча облустун ачык биринчилиги өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ачык биринчиликке Жумгал районунун Чаек айылынан «Шортон», Миң-Куш айылынан «Барчын» жана Нарын шаарынын командалары катышты. Мелдештин максаты — хоккейди 2002-2005-жылдары туулган балдар арасында өткөрүү менен мыкты оюнчуларды тандоо жана күчтүү команда алып чыгуу.

Биринчиликтин жыйынтыгында 1-орунду Нарын шаарынын, 2-орунду Чаек айылынын, 3-орунду Миң-Куштун командасы ээледи. Жеңүүчүлөр Кыргызстандын хоккей федерациясынын жана облустук спорт башкармалыгынын тиешелүү даражадагы дипломдору, медалдары, баалуу белектери менен сыйланышты.

Ал эми Нарын шаарынын командасынан Жаныбек уулу Рыскелди «Мыкты дарбазачы», Бакай уулу Даниель «Мыкты оюнчу» наамдарын алышса, миң-куштук Эсенбеков Мирадил «Мыкты коргоочу», чаектик Асанбек уулу Саламат «Мыкты коргоочу», Исмахаев Арген «Мыкты чабуулчу» наамына жана баалуу сыйлыктарга татыктуу болушту. Мелдештин жеңүүчүсү болгон Нарын шаарынын командасына Нарын облусунун ачык биринчилигинин кубогу тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×