Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Нарын

Жумгалдын Көк-Ой айылында 1,8 млн сомго ветеринардык клиника курулду (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Көк-Ой айылында 1 млн 794 миң 930 сомго малдын дартын алдын алууга жана алардын саламаттыгын кароо үчүн ветеринардык клиника курулду. Бул тууралуу айыл өкмөтүнөн кабарлашты.

Маалым болгондой, аталган клиника БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Социалдык өнүгүү министрлигинин биргелешкен долбоору аркылуу курулуп, ал Россия Федерациясы тарабынан каржыланды. Эми айылдагы мал жайлоого чыгарда жана жайкы кыркын учурунда көп тармактуу ветеринардык клиникадан текшерүүдөн өтүшөт. Жергиликтүү тургундар буга чейин ветеринардык клиниканын жана адистердин жоктугунан кыйналып келишкен.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 942
Көп окулду
×