Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Нарын облусуНарын району 06.03.2018 11:05

«Жеңеке»: Мугалим А.Мусакеева кайненесине арнап гүлдүн 40 түрүн өстүрөт (фото)

Turmush -  Нарын районундагы Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Кеңеш айылынын тургуну Асел Мусакеева жаңы келин болуп келгенден тарта гүл өстүрүүнү адатка айландырып, учурда 40тан ашуун бөлмө гүлдөрүн өстүрүп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кайненеси Батмакан апа да гүлдөрдү өстүргөндү жакшы көрчү.

«Учурда үйдө гүлдүн 40тан ашык түрү бар. Турмушка чыга электе гүл өстүрүүгө кызыкчу эмесмин. Жаңы келин болуп келгенде жолдошумдун үйүндө гүлдөр көп болчу. Апам гүлдөрдү жаш кезинен бери өстүрүп келиптир. Азыркыга чейин аларды жакшы көрүп, кыздар-балдарына кандай караса гүлдөрдү да ошондой карап, убагында суусун куюп турат. Мен келгенде мага гүлдөрүн өткөрүп берген. Ошондон бери апамдын жактырган гүлдөрүн багууну өз колума алып, түрүн дагы көбөйтүп жатам», - деди ал.

Асел Мусакеева жаңы келин болуп келгенде эле өз кызындай кабыл алып, акыл-насаатын айтып, эркелетип, билбегенин үйрөткөн кайненесине ыраазычылыгын айтып, азыркы багып жаткан бардык гүлдөрдү апасына арнарын билдирди.

«Азыркы багып, өстүргөн гүлдөрүмдүн баардыгын апама арнап өстүрөм. Анткени апам өз кызын кандай жакшы көрсө, мени дагы ошондой жакшы көрөт. Жаңы келгенде эле менин чекемден өөп, акыл-насаатын айтып, билбегенимди акырындык менен үйрөттү. Жеке эле мага эмес, менден улуу келиндеринин баардыгына бирдей жакшы мамиле кылат.

Кайненем Батмакан Курманова 10 баланы төрөп, уул-кыздарына, келиндерине татыктуу тарбия берип, учурда баарыбыздын урмат-сыйыбызга татып, төрүбүздүн көркү болуп отурат. Мен дагы балдарыма апамдан алган жакшы тарбияны берип, кийин келиндүү болсом аларды дагы өз кызымдай кабыл алам деген тилектерим бар», - деди ал.

Асел жеңе ушул эле айылдагы Казалы Абилов атындагы орто мектепте биология сабагынан окуучуларга билим берип келет. Жолдошу Бекбол Курманов дагы аталган мектепте мугалим болуп иштейт.

Жубайлардын бирге түтүн булатканына 14 жылдын жүзү болгон. Алардын учурда 2 уул, 1 кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×