Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 05.03.2018 08:09

6 баласын жалгыз багып жаткан И.Акматовго акчалай жардам көрсөтүүлөр уланууда (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылына дубан башчысы Аманбай Кайыпов 2-мартта иш сапары менен барып, 6 баласын жалгыз багып жаткан Ишенбек Акматовдун үй-бүлөсүнөн да кабар алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Жолугушуудан соң бийлик өкүлдөрү аялы таштап кеткенден кийин 2 кыз, 4 уулун жалгыз бой тарбиялап жаткан атанын акыбалын суроо максатында үйүнө барган. Ага 10 миң сом акчалай жардам беришти.

Ал эми Ишенбек Акматов берилген жардамга ыраазычылыгын билдирип, бул каражатты жаз алды менен өзүнүн ээн жер тилкесине там куруп баштаганда керектей турганын айтты. Ошондой эле, ага буга чейин коомдук бирикме тарабынан курулуш каражаттары берилген. Коомчулук тарабынан да ар кандай жардам көрсөтүүлөр улантылып жатат.

Бул үй-бүлө азыр баш калкалап жаткан үй агасынын тамы. Ал там дагы эскилиги жетип, оор абалда турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×