Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Нарын

Нарындагы оорукананын кызматкери Ш.Мамбетова жумуштан кетирүүнүн аргасын жасап жаткан кесиптешине нааразы (фото)

Turmush -  Нарын облустук оорукананын тазалоо бөлүмүндө 33 жылдан бери эмгектенген Шарапат Мамбетова жумуштан кетирүүнүн аргасын жасап жаткан кесиптешине нааразы, деп билдирди аймактык кабарчы.

20180213_124233

«Буга чейин биздин үстүбүздөн караган улуу медайымдар кенже кызматкерлерге кысым көрсөтүү менен иштен кеткен учурлары болгон. Мындан тышкары кенже кызматкерлер дагы жумуштан кеткен. Акыркы жыйналышта мен профком болуп дайындалып, "эмне үчүн эч себепсиз кызматкерлерди жумуштан кетирүү болуп жатат?" деп тазалоо бөлүмүнүн улуу мед айымы Р.Б.га нааразы болуп, маселени көтөрүп чыккам. Ошондон кийин Р.Б. мага асыла баштады.

7-февраль күнү саат 13:00-13:30дар чамасында Р.Б. эс алууда жүрсө дагы жумушка келип, "текшерип жатам" деп ар кайсыны айтып, иштегенге такыр мүмкүндүк берген жок. Ал учурда дагы бир кызматкер экөөбүз медициналык каражаттар көп болуп, аларды санап кабыл алууга жетишпей жаткан элек. Ошол маалда Р.Б. облустук оорукананын жетекчилерин чакырып, мени жөн жерден каралады. Анын айткан жалган жалаасына кыжырым кайнап, калчылдап турсам менден алар түшүнүк кат жаздырып алышты. Ошондон кийин катуу стресс болуп, 8-февраль күнү жүрөгүм кармап жүрөк оорулар бөлүмүнө жатып калдым. Бирок, алар ооруп калганыма ишенбей, бейтаптардын көзүнчө мени дарылап жаткан дарыгерге "жөн эле дарылап жатасыңар" деп кыйкырып кетишти», - деди ал.

Жүрөк оорулар бөлүмүнүн дарыгери Э.Алкожоева 8-февраль күнү Ш.Мамбетова аттуу кызматкер ооруканага келип түшкөнүн жана облустук оорукананын башкы медайымы бейтаптардын көзүнчө ага кыйкырып кеткенин айтты.

20180213_124314

«Биз бейтапты дарылап жатканда облустук оорукананын башкы медайымы келип, "жөн эле таза адамды дарылап жатасыңар" деген сөздөрдү айтып, адептүүлүктү сактабай бейтаптардын көзүнчө кыйкырып кеткен. Кандай гана болбосун, ооруп бизге кайрылган адамдарды дарылоо — биздин милдетибиз. Эгер биз туура эмес иш кылсак, анда комиссия келип текшерсин», - деди дарыгер.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Нарындагы башкармалыгынын орун басары А.Стамкулова 12-февраль күнү өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан тазалоо бөлүмүнүн медайымы Ш.Мамбетованын жүрөк оорулар бөлүмүнө негиздүү жаткырылгандыгы боюнча текшерүү жүргүзүү тууралуу токтом келгендигин билдирди.

«Ошол токтомдун негизинде буйрук чыгарып, текшерүүгө жибергенбиз», - деди ал.

Аймактык кабарчы Нарын облустук оорукананын жетекчиси М.Атбаевге кайрылган учурда, анын орун басары А.Калманбетова жетекчи дарыланууга Бишкекке кеткендигин билдирип, өзү төмөндөгүдөй жооп берди.

«Буга чейин тазалоо бөлүмүнөн эки улуу медайым башка жумушчулар менен тил табыша албай, бөлүмдөгү кызматтарынан алынган. Учурда тазалоо бөлүмүнүн улуу медайымы менен аталган кызматкер тил табыша албай келишет. Мен бир канча жолу жыйналыш өткөрүп, ынтымакка келип иштегиле дегем. Бул жумушчулар ичиндеги пикир келишпестик токтобогондугуна байланыштуу тазалоо бөлүмүндөгү кызматкерлерди башка бөлүмдөргө которуу чечимин кабыл алганбыз. Аларды эч ким жумуштан бошоткон жок. Ал эми арыздануучу Ш.Мамбетованын "мага жөн жерден жалаа жапты" деген сөзү калп. Чынында эле бизде текшерүү жүргөндө медициналык каражаттар таза эмес эле», - деди ал.

Ал эми аймактык кабарчы тазалоо бөлүмүнүн улуу медайымы Р.Б.га кайрылганда ал бул тууралуу пикирин билдирүүдөн баш тарткан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2584
Көп окулду
×