Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 02.03.2018 15:28

Ак-Талаанын базарында өрттөн сактануу боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы коомдук жайларда өрттөн сактануу боюнча окутуу жана түшүндүрүү иштери практика жүзүндө көрсөтүлгөнүн аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 2-мартта Баетов айылындагы базарда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмү тарабынан өрт коопсуздугун алдын алуу, өрттөн сактануунун жолдору, өрт болуп жаткан аймактан чыгуунун жолу, өрттөн жабыркаган жарандарга биринчи жардам көрсөтүү, өрт болуп жаткан мекемедеги электр энергиясын өчүрүү, өзгөчө базарларда элдер көп болгондуктан өрт өчүрүүгө келе жаткан кызматкерлерге жана техникаларга тоскоолдук жаратпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү. Окутуу иштерине райондук ички иштер бөлүмүнүн, аймактык оорукананын, электр тармагынын жана жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери катышып, жогоруда белгиленген түшүндүрүү иштерин көрсөтүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×