Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Нарын облусуКочкор району 02.03.2018 15:18

Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо күнү аныкталды

Turmush -  Кочкор районундагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Борбордук шайлоо комиссиясынын 27-февралдагы №38 токтому менен Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 16-мартка белгиленди. Талапкерлердин документтерин кабыл алуу 8-март күнү токтотулат. Азырынча аймактык шайлоо комиссиясына бир да талапкер кайрыла элек.

Буга чейин Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Исраилов өз каалоосу менен кызмат ордун тапшырган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×