Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Нарын районунда насостук станциялар текшерилди (фото)

Turmush -  Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын айыл чарба штабы сугат суу берүүчү насостук станциялары менен жеринен таанышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 1-мартта Нарын районунун жетекчилери жазгы айдап себүү иштерине карата Миң-Булак, Өрнөк, Куйбышев жана Он-Арча айылдарынын эгин талааларын суу менен камсыз кылуучу насостук станциянын абалы менен таанышты. Ошондой эле район жетекчилиги айылдарды кыдырып, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн угушту.

Айылдыктар сугат суу кеч берилип жаткандыгын айтып, ушул маселени чечип берүүнү суранышкан. Ошондой эле, суунун толук кандуу берилишин талап кылышты. Ал эми жетекчилер сугат суу аба ырайына жараша эртерээк бериле турганын айтты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1188
Көп окулду
×