Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 02.03.2018 12:15

Кочкор айылына жаштар тарабынан менталдык арифметикалык борбор ачылды (видео, фото)

Turmush -  Кочкор районундагы Кочкор айылына жаштар кеңеши тарабынан интеллектуалдык өнүктүрүү борбору ачылды. Бул борбордо балдарга менталдык арифметика үйрөтүлөт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, борбордун ачылышына жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мугалимдер, ата-энелер, окуучулар катышты. Ачылыш аземине келген билим берүүнүн отличниги Сайкал Асылбекова менталдык арифметиканын балдар үчүн кандай жакшы жактары бар экендигин айтып берди.

«Менталдык арифметика программасында бала манжалары менен иштеп, абакустун шуручаларын жылдыруу ыкмасы аркылуу эсептөөнү үйрөнөт. Бул программа балдардын мээсинин сол жана оӊ жарым шарын бирге машыктырат. Өзүм негиздеген борбордо сабактар мээни машыктыруучу атайын кызыктуу оюндар аркылуу өткөрүлөт. Биз балдарды тез санаш үчүн эмес, баланын эс-тутумун, логикалык, аналитикалык ой жүгүртүүсүн жакшыртуу үчүн окутабыз. Менталдык арифметиканы окуган балдар чоӊ-чоӊ ийгиликтерге жетишет. Абакус куралы менен биздин балдарыбыз биринчи этапта санаганды үйрөнсө, андан кийин менталдык карта дегенге куралына өтөт. Калькулятор менен абакустун окшош жактары көп. Экөө теӊ бизге санаганга жардам берет. Бирок калькулятор биздин мээбизди жалкоолукка үйрөтөт, ал эми абакус болсо тескерисинче биздин мээбизди күчтүү кылат жана акыл кошот», - деди Сайкал Асылбекова.

Менталдык арифметика алгач Кытайда пайда болуп, азыр дүйнөнүн алтымыштан ашуун өлкөсүндө окутулууда. Аталган программа өлкөбүздө биринчилерден болуп 2015-жылы башталган. Бул программа 4 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүм балдардын мээсинин машыгып өнүгүүсүнө багытталган. Менталдык арифметикада негизги курал болуп абакус эсептелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×