Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 01.03.2018 18:52

Жумгалдын Көк-Ой айылында союз тарагандан бери алгачкы бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Жумгал районундагы Көк-Ой айыл өкмөтүнүн кызматкерлери өздөрү иштеген имаратты балдарга өткөрүп беришти. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Элмира Мамбетова билдирди.

Маалым болгондой, имарат 1,9 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөн. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып ишке берилсе, керектүү эмеректер демөөрчүлөр жана долбоор менен толукталган.

«Учурда айрым эмеректер жетишсиз. Союз тарагандан бери алгачкы жолу айылга бала бакча ачылды. Бул бала бакча негизинен 120 балага ылайыкташылган. Дагы кошумча балдарды кабыл алуу, бюджеттен акча каражатын кароо жана штаттык бирдик ачуу маселелери каралууда», - деди ал.

Учурда 2 тайпада 50 бала тарбияланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×