Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Элет көйгөйү: Сайдагы сууну малдан талашып ичкен кара-чийликтердин жашоосу (видео)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Кара-Чий айылында таза суунун жоктугунан жергиликтүү тургундар мал ичкен агын сууну пайдаланып келишет. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы айылдыктардын бул көйгөйүн жеринде көрүп, жашоочулардын арыз-муңун угуп келди.

Айылдыктардын билдиргенине караганда, сайдагы сууну бул айылдын миңден ашуун жашоочулары мал-жандыктары менен чогуу пайдаланышат. Сайдагы сууну малдан талашып ичкен кара-чийликтер бул көрүнүшкө көнүп да калышкан.

Жергиликтүү тургун Кубан Султаналиев аргасыз сайдан алган сууну үйүнө ташып баргандан кийин аны тундуруп, кайнатып ичерин айтты.

«Азыр бул агып жаткан суунун таза кези. Жаз, күз айларында, тактап айтканда суу кирген убакта суу ташып ичүү кыйын эле болуп калат. Суу ылай боло электе таң эрте ташыйбыз. Оорулардын көптүгү да таза суунун жоктугунан келип чыгат», - деди К.Жумалиев.

Бул айылда адатта эркектер эле эмес, аял кишилер дагы чоң челекти эшекке артып алып суу ташышат. Сайдан суу ташууга алар да бышып, көнүп бүтүшкөн. Ушул айылдын тургуну Нуриля Абдылдаева кир жууган күнү 3-4 ирет сайга каттайт.

«Кир жууганда үч жолу барам. Ал эми үйгө тамак-аш жасаган күндөрү бир эле жолу каттайм. Балдар үйдө болгондо алар алып келишет. Жаз айында суу кирдеп калат», - деди Н.Абдылдаева.

Бейшенбек Калчаев айылдагы жалгыз мончону иштетет. Ал мончону жумасына 3 күн жагып, айыл эли жалгыз мончого түшүп турушат. Бирок кожоюн мончо жаккан күнү эртеден-кечке сайдан суу ташып жатып чарчайт. Анын жалгыз эшегине төрт канистр артып алып ташыган суусу эки гана адамга жетет.

«Бул алып келген төрт канистр суу эки кишиге эле жетет. Таң эрте туруп, саат сайын суу ташыйм. Тургундарга сууну үнөмдөп жуунгула деп айтып турам», - деди ал.

Ал эми жергиликтүү бийлик айылдагы таза суу маселеси ушул жылы чечилип, ар бир үйгө киргизүүнү тургундарга убада кылган. Кара-Чий айылынын башчысы Нурак Ноорузбаев акча которулса эле жаз алды менен суу чыгаруу иши башталарын билдирди.

«Бюджеттен акча каралып, тендер жарыяланган. Курулуш компания тендерди 38 млн сомго утуп алган. Жаз менен башталып, 3 жылдын ичинде бүтүрүлсө, ар бир үйгө суу киргизилет деп турабыз», - деди айыл башчы Н.Ноорузбаев.

1300дөй калкы бар Кара-Чий айылынын тургундары акыркы беш жылдан бери чечилбей келген суу маселеси жаз алды менен чечилерине үмүт артышууда.

Бул айыл таза суу менен биринчи жолу 1960-жылдардын этегинде жабдылып, бирок эки жылдан кийин насосу бузулуп, таза суу чыкпай калган. Ошондон бери, тактап айтканда 56 жылдан бери элеттиктер сайдан суу ташып ичишет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1426
Көп окулду
×