Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 01.03.2018 09:51

Айыл турмушу: Кол эмгегин чет жакка саткан О.Мамбеталиева шырдактын жасалышын айтып берди (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын 50 жаштагы тургуну Орозбүбү Мамбеталиева 17 жылдан бери шырдак жасап келет. Чебер айымдын жасаган эмгектерин чет өлкөлүктөр баалап, буйрутма менен алып кетишет. Анын кол эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Өзүнүн айтымында, бул өнөрдү бала кезинен эле үйрөнүп, кол өнөрчүлөрдүн тобун түзгөн.

«Чабандын кызы болгондуктан кол өнөрчүлүккө жакын чоңоюп үйрөнүп калдым. Өзүмдүн кесибим сатуучу. Ал кесип менен 9 жылдай эмгектенип, кийин кол өнөрчүлүк менен алектене баштадым. Алгач үйгө жасаган шырдагымдан улам буйрутма түшө баштаган. Ошондон кийин кызыгуум артып сата баштагам. Учурда шырдак, бут кийим сүргүч, кийизден баш кийимдерди жана бут кийимдерди, азем белектерди, жаздыкча жасайм. Жасаган эмгектеримди Франция, Бириккен Араб Эмираттары, Америка, Германияга чейин буйрутма менен алып кетишет. Ошондой эле ата-бабабыздан калган шырдак унутулуп калбасын деген максатта 2007-жылы жаш кыз-келиндерден түзүлгөн кол өнөрчүлөрдүн тобун ачкам. Бүгүнкү күндө ал топтун лидери жакшы иш алып барууда», - деди ал.

Кийиз жасоонун ыкмасы:

- Алгач кийиз жасоонун алдында кылчык эмес, жумшак жүндү тандап алабыз;
- Тандалган жүндү жулмалабай кылдаттык менен сабап алабыз;
- Сабалган жүндү кайчы же жүн кескен машина менен майдалап кесип алабыз;
- Кесилген жүндү кайра сабап алабыз;
- Чийди түз жерге жайып, үстүнө даяр болгон жүндү текши салып алабыз;
- Үстүн кайнаган ысык суу менен орточо нымдап алабыз;
- Чийди тоголоктоп катуу байлайбыз. Чий сынып калбашы үчүн сыртын кап же таар менен ороп, 1 саат же 1:30 саат тепкилейбиз;
- Андан соң 3-4 адам басып, бышырат. Бул кийиздин катуу болушуна шарт түзүлөт;
- Кийизди таза сууга чайкап, кирин кетирип, жерге жайып кургатып алабыз.

Шырдак жасоонун ыкмасы:

- Ак кийиз болсо, аны өзүбүзгө жаккан өңгө боёп алабыз;
- Боёлгон эки кийизди беттеп, жылышып кетпеши үчүн четтерин бекитип, жамап алабыз;
- Ар түрдүү оюларды түшүрүп кесип алабыз;
- Беттелген кийизден чыккан оюларды бириктирип жээк жип менен жээктейбиз;
- Кара кийизге ою түшүрүлүп жээктелген кийизди коюп беттеп жамап алып, шоона жип (шырдак шырый турган жип) менен кылдаттык менен түздөп шырыйбыз;
- Аягында бычак учун (ак жана кара кийиздин үч бурчтук түрүндө тигилген кесиндиси) тагып бекитебиз. Ошентип шырдак толугу менен даяр болот.

О.Мамбеталиеванын жолдошу А.Жолдошбаев экөөнүн баш кошконуна быйыл 28 жылдын жүзү болду. Учурда алардын 2 кыз, 1 уулу бар.

Чебер айым көптөгөн кароо-сынактарга, фестивалдарга катышып, байгелүү орундарды алып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×