Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусу 27.02.2018 22:08

Нарында мечит кызматкерлери билимин жогорулатып жатышат (фото)

Turmush -  Нарын облустук казыятында облустагы мечиттердеги имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу үчүн он күндүк окуу курсу өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук казыяттан билдиришти.

Маалым болгондой, Нарын облусунун 5 районунан келген 20 имам-хатиб куран жаттоо, диндер тарыхы жана башка сабактарды окуп жатышат. Бул окуу облустун бардык имамдарын окутуп бүткөнгө чейин уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×