Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 26.02.2018 17:57

Кочкор районуна келген кичи памирлик эки үй-бүлө медициналык кароодон өтүп жатышат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районуна Кичи Памирден келген эки үй-бүлө медициналык кароодон өтүп жатышат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, Кара-Тоо айылындагы ФАПтын жана райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери памирлик кыргыздарды күн сайын медициналык кароодон өткөрүүдө. Алардын айтымында, Кичи Памирден келгендердин кан басымы төмөндөп, Кочкордун аба ырайына көнө албай жатышат.

«Памирлик кыргыздар бийик тоодо жашагандыктан биздин шартка көнүү үчүн бир топ убакыт талап кылынат», - деп билдиришти дарыгерлер.

Буга чейин Кочкор районуна Кичи Памирден 2 үй-бүлө келгендигин Тurmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирген болчу.

Маалым болгондой, жаңы келген 9 адамды райондун акими Нурлан Керимкулов, Кочкор райондук соцжардам бөлүмүнүн башчысы Баатырбек Абдымамытов баш болгон өкүлдөр менен жергиликтүү тургундар Нарын шаарынан нан, туз менен тосуп алышты. Аларга оюн-зоок тартууланып, ысык тамак берилип, Кара-Тоо айылындагы №15 кесиптик лицейинин жатаканасына жайгаштырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

21.11.2017Фоторепортаж - Памирлик кыргыздар Ак-Талаа району менен таанышты
20.11.2017Памирлик кыргыздар Нарындын райондоруна жайгаштырылат (видео)
17.11.2017Фото - Нарында памирлик кыргыздар биринчи жолу эмдөөдөн өтүштү
16.11.2017Бүгүн Нарында памирлик кыргыздардын катышуусунда этнофестиваль өтөт
15.11.2017Памирлик кыргыздар нарындык өнөрпоздор менен кара жорго бийине түшүштү (фото)
10.11.2017Теректиктер памирлик кыргыздарды өрүлүктөп, бала көрүп барышты (фото)
02.11.2017Фарс тилинде окуган памирлик кыргыздарга алиппе сабагы башталды (фото)
31.10.2017Нарында памирлик кыргыздарга сый көрсөтүлдү (фото)
25.10.2017Кыргызстанга памирлик кыргыздардын экинчи тобу келет (видео, фото)
25.10.2017Памирлик кыргыздар Куланактагы кесиптик лицейге жайгашты (видео, фото)
23.10.2017Нарындагы памирлик кыргыздардын балдарды тубаса жүрөк оорусу менен жабыркайт, - дарыгер (фото)
13.10.2017Фото — Кыргызстанга келген памирлик кыргыздардын 6 үй-бүлөсү Нарынга жайгашат
14.10.2017Видео, фото: Памирлик кыргыздарды алып келүүдө бийлик тараптан тоскоолдуктар болду, - вице-премьер-министр
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×