Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 22.02.2018 14:52 На русском

Күйөөңөр менен ажырашкыла, балдарыңарга жөлөк пул чектелет: Байзактык энелер социалдык өнүгүү бөлүмүнө нааразы (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айылындагы айрым тургундар социалдык өнүгүү бөлүмү балдарына жөлөк пул чектебей жатканын айтып, нааразы болушууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Алардын айтымында, балдарына жөлөк пул ала албай жаткан ата-энелер жергиликтүү бийликке арыз менен кайрылышкан.

Баатыр эне Чынара Курманалиева 7 баланын энеси. Анын балдарына жөлөк пул чектелбей жаткандыктан көп органга кайрылган.

IMG_20180214_114447

«Менин 7 балам бар, 4 балам колумда. Аларга жөлөк пул чектелбей жатат. Эмне үчүн чектелбей жатканын сурасак "силердин малыңар бар" дейт. Мындан тышкары "ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жолдошуңар жөлөк пул алат. Үй-бүлөлүк кирешеңер жетет" деп айтышууда. Үйгө келип, малыбызды да көрүштү. Айылдагы жыйырмага жакын келин айыл өкмөт башчысы К.Насыбалы уулуна кайрылганбыз. Бирок айыл өкмөткө барган келиндердин төрт-беши гана акча албай калдык. Гуманитардык жардамдардан да кур калабыз. Социалдык кызматкер Д.Байтемирова күйөөгө тийген кызынын эгиз балдарына жөлөк пул чектеди. Ушундай адилетсиз кызматкерге чара көрүлүшү керекпи?», - деди З.Курманалиева.

Ал эми дагы бир айыл тургуну Жүзүм Качкынова да балдарына жөлөк пул чектете албай жүргөндүгүн айтты.

IMG_20180214_114752

«Менин жолдошумдун наамында союз мезгилиндеги жеңил унаа бар. Ушул унааны айтышып, балдарыма акча чектеген жок. Көп жерге арыздандык, жыйынтык жок. Социалдык кызматкер мурда сот жообуна тартылып, аты-жөнүн өзгөрткөн деп угуп жатабыз. Бул кызматка билими дагы туура келбейт. Жумушсуз жүргөн жаштар бар, эмнеге алар келип иштешпейт?», - деди Ж.Качкынова.

Айыл тургуну Мирзат Караева социалдык кызматкер орой мамиле жасай тургандыгын жана «азыркы мыйзам менен дагы балдарыңарга акча чектеп бере албайм, күйөөңөр менен ажырашсаңар жөлөк пул чыгарып берем» деп айткандыгын билдирди.

IMG_20180214_114835

«Менин күйөөм бир туугандардын малын багат. Ошол малды үй-бүлөлүк кирешеге эмнеге каттап коюшарын билбейм? Себеби биз үйдүн кичүүсү болгондуктан малды багып беребиз. Бир тыйын акча албайбыз.

Биз кайсы берене менен күйөөлөрүбүз менен ажырашыбыз керек. Бир нерсе десең эле каргап кирет, оозго алгыс сөздөр менен сөгөт. Мындай жөнөкөй кызматтык этиканы билбегендер эмнеге ишке орношот?», - деди ал.

Байзак айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Дария Байтемирова өзүнүн дарегине айтылган бул тургундардын сөздөрүнө кошулбай турганын жана мыйзамдын негизинде иш алып барарын белгиледи. Ошондой эле, кызынын эгиз балдарына жөлөк пул чектеп бергенин ырастады.

IMG_20180214_123558

«Мурда менин фамилиям Дария Мамбетова болчу. Никеге турган учурда жолдошумдун фамилиясына өткөм. Мен эч качан соттолгон эмесмин. Менин аброюма шек келтирип жатышат. Мыйзамсыз иштерди жасабайм, менин да үстүмдөн текшерген органдар бар. Буга чейин салык кызматында иштечүмүн, кийин айыл өкмөттө социалдык кызматкер катары эмгектенип жатам. Башкы адис кызматына билимим туура келбей иштебей калгам.

План боюнча райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынан комиссия келип текшерген, мыйзамга ылайык айрымдарга жөлөк пул чектөөнү токтотконбуз. Бул арызданып жаткан келиндер чындыгында жөлөк пул алууга укуктары жок.

Биринчи кезекте айыл өкмөттүн алдындагы комиссия жөлөк пул кимге чектелиши керектигин аныктап беришет. Биз токтом менен иштейбиз. Ага ылайык, бир үй-бүлөдө 2 жылкы, 20 майда жандык, 5-6 уй торпогу менен жана унаасы болсо анда жөлөк пул чектелбейт. Бул келиндердин бир-экөөсү министрликке чейин арызданышты.

Менин кызыма жөлөк пул чектеген деп да айтышууда. Ооба жөлөк пул чектегем. Ал кызымдын эгиз балдары майып болуп төрөлүштү. Күйөөсү экөө тең эч бир жерде иштешпейт. Алар менин жаныма келип жашашты. Мындан улам мыйзамды карап туруп жөлөк пул чектеп бергем. Болгону 6 ай гана балдарына акча алды. Мен да арызданчу жерге арызданып, өз укугумду коргошум керек.

Ал эми "күйөөңөр менен ажырашкыла, балдарыңарга жөлөк пул чектелет" деп менин үстүмдөн арызданып жүргөн 4 келиндин бирине дагы айткан эмесмин. Мисалы, аялдары таштап кеткендер "балама жөлөк пул" чектеп бер деп келишет. Ошондо бул сөздү эркектерге айткан учурларым болгон», - деди Д.Байтемирова.

Айылдык кеңештин төрагасы Таалай Исмаилов жыйырмага чукул айыл тургундары арыз менен кайрылгандыгын жана социалдык кызматкер Д.Байтемированын кызматтык этикасын кароо, ошондой эле кызына жөлөк пул чектегени тууралуу маалыматты текшерүү боюнча айыл өкмөткө сунуш берилгенин айтты. Ал эми Жумгал райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери Байзак айылынан балдарына жөлөк пул ала албай жаткан энелерден арыз түшкөнүн жана социалдык кызматкердин ишмердүүлүгү карала турганын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×