Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

«Битиңерди сыгып, каныңарды жалагыла»: Миң-Куштагы орус тилдүү мектептин директору кызматтан кетти

Turmush -  Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы орус тилдүү Н.К.Крупская атындагы орто мектебинин директору Рахат Жоргоев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Фатима Өмүралиева билдирди.

Маалым болгондой, Р.Жоргоев аталган кызматка жаңы окуу жылынын башында, тактап айтканда 2017-жылдын сентябрь айында келген.

«Бул жетекчи өзүнүн кызматкерине эки жолу мыйзамсыз буйрук чыгарган. Мындан улам ал арызын жазып, өз каалоосу менен директорлук кызматтан кетти. Бирок катардагы мугалим катары окуучуларга сабак берет», - деди Өмүралиева.

30 жаштагы Рахат Жоргоевду ээлеген кызматынан бошотуу буйругу ушул жылдын 19-февралында чыккан.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн билдирүүсүнө караганда, аталган мектепти 5-6 жыл жетектеп, кийин ден соолугуна байланыштуу кызматын өткөргөн мурунку директор Айнура Турдумбаева кайра башчылык кызматка келет.

Буга чейин Turmush басылмасы окуучуларды «битиңерди сыгып, каныңарды жалагыла» деп тилдегенден кийин Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы орус тилдүү Н.К.Крупская атындагы орто мектебинен чыгарылган Перизат Курманкожоева кайрадан ишке алынып, билим берип жаткандыгын жазган.

1387129.1.1496650100

«Ооба, биз бул мугалимди кайрадан жумушка алдык. Себеби өткөн жылдын 20-ноябрь күнү мектеп директору Рахат Жоргоев мектепте жыйын өтүп, аталган мугалимге катуу сөгүш жарыялап, тартиптик жазасын берген. Андан кийин №47 буйрук менен 2017-жылдын 6-декабрында Эмгек кодексинин 381-беренесинин 2-пунктуна ылайык ээлеген кызматынан бошотулган. Кийин Перизат Курманкожоева Мамэкотехинспекциянын Жумгал-Кочкор райондору боюнча аймактык башкармалыгына кайрылган. Ошондой эле, 70 адамдан турган Миң-Куш айылынын тургундарынын кайрылуусу жана Курманкожоеванын 3 кызы бар экендиги, жолдошунун эч жерде иштебегендиги эске алынып, аталган башкармалыктын 14-декабрдагы чечими менен кайрадан кызмат ордуна келүүсү каралган. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок, болгону директор туура эмес буйрук чыгарып алган», - деди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ф.Өмүралиева.

Ал эми мектеп директору Рахат Жоргоев буйрукту туура эмес чыгарганын, бирок кийин кызматтык текшерүүдөн соң мугалим кайрадан ишине келгенин ырастады.

Окуя тууралуу:

Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы орус тилдүү Н.К.Крупская атындагы орто мектебинин профкому Перизат Курманкожоева балдарды «жармаңкеге тамак жасап келбейсиңер» деп урушуп, жасап келбеген окуучуларды «битиңерди сыгып, каныңарды жалагыла» деп тилдеген. Бул тууралуу аймактык кабарчыга окуучулардын ата-энелери билдиришкен эле.

Алардын айтымында, 11-класстын окуучуларына аталган мугалим көп жылдан бери сабак учурунда оозго алгыс жаман сөздөрдү айтып келген. Акыры мындай запкыга чыдабаган окуучулар мугалимдин тилдеген сөзүн аудиожазууга жаздырып алышып интернетке чыгарып, акыйкат издешкен. Ал тургай, кээ бир окуучулар кыргыз тилдүү мектептерге которулууга аргасыз болушкан.

Ал эми ата-энелердин бири Гүлмира Даниярова мугалимдин балдарга карата сүйлөгөн сөзү жат көрүнүш экендигин, «битиңерди сыгып, каныңарды жалагыла, силерди кессе да кан чыкпайт» деген сөз жакшылыкка алып келберин билдирди.

«Биз балдарды мектепке окутканы жиберебиз. Мугалимдер сабак өтпөй, ата-энелердин капчыгындагы тыйынын санашабы? Анысы аз келгенсип 5 балага 1 китеп беришет. Мектеп бербеген китептерди өзүбүз сатып алабыз. Бул мектеп Бакиевдин кланы. Мектепте жалаң ага, тууган, эже-сиңди, куда-сөөк, өкүл балдарынан бери иштешет. Жада калса кароолчу, пол жуугучуна чейин туугандар отурушат. 2 жыл мурда ушул мектептин 6 баласын дене тарбия жана спорт мугалими баштарын жарып сабаганда унчуккан эмеспиз. Эми балдарыбыз башка мектептерге барып окуганга аргасыз болуп отурушат. Тез арада чара көрүүнү талап кылабыз», - деп билдиришти окуучулардын ата-энелери.

Бул дооматтар боюнча мектеп мугалими Перизат Курманкожоева окуучулардын мектепке болгон мамилеси жана алардын жүрүм-турумунан улам аларга карата катуу сөз айтканын билдирди.

imgonline-com-ua-Frame-blurred-JtUPv4gqr9g7dLU

«Бул мектепте окуган 11-класстын окуучулары жыл сайын жармаңке уюштуруп, ага тамак-аш жасап келип, андан түшкөн каражатка жетишпей жаткан китептерин алышчу. Бул жылы 11-класстын 3 окуучусуна 1 китеп жетишпей жаткандыктан аларды жармаңкеге катышууну өтүнгөм. Бирок алар мугалимдин тилин укпай, аткарышкан жок. Ар жыл сайын 5-класстан 11-класска чейин жармаңкеде тамак жасап сатышат. Ар бир класс 2000 сомго чейин акча чогултуп, китеп сатып алып окуп келишкен. Бул жерде эч кандай уруш-талаш жок. Болгону бул окуучулардын окууга болгон мамилеси төмөн болуп жаткандыктан айткам. Быйыл мектепти бүтүшөт, тест тапшырып, жогорку окуу жайга өтүшү керек. Мен аларга туура жана күчтүү билим беришим керек болчу. Эгер окуучулар туура билим албаса, жыйынтык көрсөтө албаса мага сөз тийип жатпайбы. Мен аларды жаман болсун деп тилдебейм, болгону билим алып, окуп алышсын дейм.

Окуучулар мугалимдин айтканын укпай тескерисинче шылдыңдап, китептери, дептерлери жок сабакка келишет. Биздин мектепке 11-класстар үчүн такыр китеп берилген жок. 16 жылдан бери иштеп келем, мындайды көргөн эмесмин. Ал эми окуучулар башка мектепке кеткен жок, бир гана мугалим балдарын башкага мектепке алып кеткен. Башка балдар барып келишти, ал жак жакпай калып кайра эле окуп жатышат», - деген мугалим.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2258
Көп окулду
×