Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Нарындагы таштандыдан жуурканга оролгон бишкектик тургундун жансыз денеси табылды (фото)

Turmush -  Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүнө караштуу таштанды төгүлүүчү аймактан жуурканга оролгон эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, ушул жылдын 14-февралында саат 17:30 чамасында Нарын РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Нарын шаарынын милиция кызматкери белгисиз адамдын жансыз денеси табылганын билдирген. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, таштанды төгүлүүчү жердин чет жагынан жуурканга оролгон азиат түспөлүндөгү эркек кишинин денесин табышкан. Маркумдун жансыз денесине кароо жүргүзгөн учурда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн белгилер аныкталган.

Бул окуя боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Нарын ОИИБдин жана Нарын РИИБдин кызматкерлери тарабынан маркумдун өздүгү аныкталып, ал Бишкек шаарынын Ак-Өргө жаңы конушунун 43 жаштагы Э.Ү. аттуу тургуну болуп чыкты. Ошондой эле, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Нарын районунун 32 жаштагы И. уулу М. аттуу тургуну кармалды.

Шектүү

А 16

Шектүү кылмыштын изин жашыруу максатында жабырлануучунун жансыз денесин таштанды төгүлүүчү жайга таштап кеткен. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүмү менен (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 21228
Көп окулду
×