Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Жумгалдагы дүкөндөрдө тамеки менен алкоголдук ичимдиктердин акциздик маркалары текшерилди (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал райондук салык кызматы тарабынан спирт ичимдиктерге жана тамекиге байланыштуу акциздик маркаларды текшерүү үчүн атайын рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган кызматтын ага инспектору Мирбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, рейддик текшерүү атайын буйруктун негизинде жүргүзүлөт. Бүгүнкү рейд соода жайларынын патенттери, салык кызматына каттоого алынышы жана акциздик маркалар боюнча өттү.

«Спирт ичимдиктери, тамекилер ультра үндүү аппарат менен текшерилди. Ар бир ай сайын райондун аймагын текшерип турабыз. Мыйзам боюнча патент менен иштеген ишкерлерди 30 күндө бир текшерүү иштери жүрүп турат. Бүгүнкү күндө рейд учурунда мыйзам бузуулар катталган жок. Ал эми буга чейин мыйзам бузган ишкерлерге чаралар колдонулуп, айыптар салынды», - деди М.Орозалиев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1726
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×