Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 12.02.2018 16:49

Жумгал району боюнча жаңы мыйзам менен балага сүйүнчү алуу үчүн 24 эне арыз жазды

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына жаңы мыйзам менен балага сүйүнчү (көрүндүк) акча алуу үчүн учурда 24 эне кайрылды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын башчысы Аида Бектурганова билдирди.

Анын маалыматында, учурда райондун аймагынан жаңы мыйзам боюнча балдардын жөлөк пулу мурдагы мыйзам менен токтоосуз чектелип келет. Ал эми январь айынан тартып балага сүйүнчү акчалар берүү үчүн документтер кабыл алына баштаган.

«Учурда 24 энеге сүйүнчү акча чектелди. Алардын айрымдары тоолуу аймактын жашоочусу катары 4800 сом алышса, 50% коэффициент менен 6000 сомдон алып башташты. Балдардын сүйүнчү акчалары февраль айы менен чектелди, алар март айы менен алышат», - деди А.Бектурганова.

Сүйүнчү акча алууга жаңы көз жарган энелердин баары кайрыла алышат. Ал үчүн жашаган жеринен маалымкат, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен эне-атанын паспорту талап кылынат. Сүйүнчү акча алуу үчүн бала 1 жашка толгонго чейин кайрылууга болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×