Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Нарын

Көк-ойлуктар таза суу түтүгүнөн мал сугарган жердештерине чара көрүүнү талап кылууда (фото)

Turmush -  Жумгал районундагы Көк-Ой айылынын тургундары Саки уулу Муңайпас көчөсүндө жайгашкан таза суу чыгуучу кудуктан мал-жандыктарын аштоо коюп сугарып жаткан жашоочуларга чара колдонууну талап кылууда. Бул тууралуу айылдын тургундары билдирди.

«Аталган көчөдө мектеп, китепкана бар жана тургундар таза суу менен камсыз болушат. Чакалап ташып жаткан таза сууну үнөмдөөнүн ордуна ал жерге атайын аштоолорду орнотуп алып, мал-жандык, чарбактарын сугарып жатышат. Мал-жандыктарын 200 метрге жетпеген чоң сууга барып сугаруудан эринген тургундарга кандай чара көрүлөт? Минтип отурсак оорудан сактана албай калабыз», - деди жергиликтүү жашоочу Элмира Мамбетова.

Ал эми, айыл жашоочусу Элиза Көчөрова бул жерде жалгыз ал эмес, башка тургундардын мал-жандыктары да сугарыла турганын билдирди. Айыл өкмөт башчысы Элмира Мамбетова бир нече жолу эскертүү берилип, Мамэкотехинспекцияга кайрылганына карабай жыйынтык чыкпаганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 834
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×