Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Нарын

Нарында эки облустун шахматчылары күч сынашты (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы облустук балдардын билим берүү борборунда ысык-көлдүк шахматчылар менен Нарын шаарынын шахматчыларынын ортосунда жолдоштук беттешүү өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ысык-көлдүк шахматчылар нарындык спортчулардын чакыруусу менен келишкен. Команданын курамында жаш балдар жана чоң адамдар болду. Алар жаш курагына жараша бир күн бою беттеш өткөрүштү. Мелдеш алдыда өтө турган республикалык жана эл аралык мелдешке катышууга даярдыктарды көрүү максатын көздөйт.

«Бул жолку беттешүү эки команданын мыкты даярдыкта экенин көрсөттү. Жыйынтыгында командалардын жана жеке беттешүүлөр теңме-тең чыгуу менен аяктады. Жеке беттешүүдө жеңген оюнчуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ысык-көлдүк шахматчылардын жетекчиси кызыктуу оюн үчүн нарындыктарга ыраазычылыгын билдирип, Ысык-Көлдө өтүүчү мелдешке чакырды. Мындай оюндун көп болуп турушу жеңиштерге шыктандырат», - деди оюндун уюштуруучусу Тилек Такырбашов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 985
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×