Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 12.02.2018 09:56

Нарында «Балдардын ден соолугун коргойлу!» акциясы жүрүп жатат (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы медициналык-диагностикалык борборунда бир жумадан бери «Балдардын ден соолугун коргойлу!» аталышындагы акция жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Анара Бердикожоева билдирди.

Анын айтымында, бир жумадан бери 5 жашка чейинки наристелердин ден соолугу текшерилип жатат. Мында келген ата-энелер наристелерин дарыгер-педиатрдын кароосунан өткөрүшүп, ар кандай оорулардын алдын алуу боюнча кеп-кеңештерди алышууда.

«Бул жерде Нарын шаарынан гана эмес жолдун алыстыгына карабай Ак-Талаа, Кочкор, Ат-Башы райондорунан келген ата-энелер наристелеринин ден соолугун текшерүүдөн өткөрүп жатышат. Себеби борбордо акыркы үлгүдөгү заманбап медициналык аппараттар ишке кирген. Андан анализдер алынып, так диагноз коюга мүмкүнчүлүк бар. Акция башталган күндөн бери наристелерин алып келип жаткандардын аягы үзүлө элек. Балдарды дарыгер-педиатр Эркин Жумалиева кабыл алып жатат. Көпчүлүк ата-энелердин кайдыгерлиги, медайымдын көрсөтмөлөрүн туура аткарбагандыгы илдеттерге себеп болуп жаткандыгы көрүнүп турат. Негизгиси баланын ден соолугуна көңүл буруу өзүбүздүн колубузда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×