Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-январь
Нарын облусу, Нарын 12.02.2018 08:06

Нарын шаарына 12 жаш дарыгер келди

Turmush -  Нарын шаарындагы көйгөйлөрдүн бири – калкка алгачкы медициналык жардам көрсөтүүдө дарыгерлердин жетишсиздиги. Бул тууралуу мэриянын жооптуу кызматкери Элнура Асанказы билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлөлүк дарыгерлердин жоктугу көрсөтүлүп жаткан алгачкы медициналык жардамдын сапатына терс таасирин тийгизүүдө. Учурда эмгектенип жаткан дарыгерлердин дээрлик көпчүлүгү 50-60 жаштын тегерегинде. Ал эми 35 жашка чейинки дарыгерлер 6 пайызды гана түзөт.

Бул багытта чаралар көрүлүп, мурунку жылы Нарын шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна 5 дарыгер келди. Жалпысынан 12 дарыгер депозит аркылуу келип, жергиликтүү бюджеттен алар жашаган батирлердин ижара акысы төлөнүп жатат.

Мындан тышкары, долбоор аркылуу 2 дарыгер жана «Жаш дарыгерлер депозити» программасы менен 3 дарыгер эмгектенүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×