Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Нарын

Дөбөлүлүк жаштар 8,5 чакырымды жөө баскан мектеп окуучуларына кичи автобус алып беришти (фото)

Turmush -  Нарын районундагы Дөбөлү айылынын жаштары Аймактарды өнүктүрүү жылына карата окуучуларга «Спиринтер-Бус» унаасын сатып беришти. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Улан Алсеитов билдирди.

«Айылда көптөн бери балдардын мектепке барып келүүсү чоң көйгөйлөрдүн бири болуп келген. Мындын улам айыл жаштары сыртта иштеп жүргөн жердештери менен кеңешип, акча чогултушуп, балдарды мектепке ташыганга «Спиринтер-Бус» унаасын алып беришти», - деди ал.

Ө.Токтосунов атындагы орто мектебине айылдын чет жагында жашаган тургундардын балдары 8,5 чакырым аралыкты жөө басып, барып келишчү.

«Окуучулардын агаларынын мындай камкордугуна ыраазы болушуп, кубанычтары койнуна батпай турган чагы», - деди мектеп директору Назгүл Кадырова.

«Спиринтер-Бус» айыл өкмөттүн балансына алынса, айдоочунун штаты чечилип, күйүүчү май менен камсыз кылуу маселеси каралууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 990
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×