Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Нарын

Нарында экинчи жолу көз жарган 17 жаштагы кыздын сүйүктүүсү никеге тууру үчүн анын жашын жогорулатуу арызы менен кайрылган, -мэрия

Turmush -  Нарын шаарында 17 жаштагы кыз экинчи жолу көз жаргандыгы тууралуу Нарын шаарынын мэриясы билдирүү жасады.

Шаардык мэриянын башкы адиси Элнура Асангазы кызынын маалыматына караганда, 2014-жылы май айында Чүй облусунан Нарын шаарына келген 1996-жылы туулган кыздын жарандык никедеги жолдошу Нарын шаардык мэриясына арыз менен кайрылып, аялынын жашын жогорулатып берүүнү сураган. Арыз шаардык мэриянын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын отурумунда каралып, 2014-жылдын 15-майында атайын буйрук менен расмий никеге туруу үчүн жашын жогорулатууга уруксат берилип, 18 жашка чыкканга үч ай калганда биринчи баласы тɵрɵлгɵн. Бул кыз учурда 22 жашта.

Ал эми үй-бүлɵлүк зордук-зомбулук фактылары боюнча Нарын шаардык ички иштер бɵлүмүнɵ расмий түрдɵ билдирүү же арыз түшкɵн эмес.

Нарын шаарында 17 жаштагы кыз экинчи жолу көз жарды. Ал Чүй облусунда жайгашкан балдар үйүндө тарбияланган. Бул маалыматты кечээ, 9-февралда Бишкек шаарында уюштурулган жолугушууда «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун адиси Рима Султанова билдирген болчу.

Анын айтымында, ал кыз жашап жаткан үй-бүлө менен жолугушкан. Ошол учурда өспүрүм кош бойлуу болчу.

«9-класста окуп жаткан кыз 28 жаштагы жигит менен жолугушуп жүргөн. Ал диндеги шарттарды айтуу менен эгерде каршы болбосо ага турмушка чыгууну сунуштаган. Балдар үйүндө тарбияланып жаткан кыз үй-бүлөнү кыялдангандыктан анын сунушуна макул болгон.
Ал кыз ислам динин кабыл алганын, аны үйдөн бошотпой, баласын эмдетүүгө каршы болуп жатышканын айтты. Ага социалдык түйүн аркылуу байланышууга да тыюу салышкан. Өспүрүм кыз мүмкүн ушул аялдык бакыт деген пикирде», - деди Р.Султанова.

Адистердин айтымында, жолугушуудан бир нече күн өткөндөн кийин өспүрүм кыз кат жазып, күйөөсү сабаганын айтып жардам сураган.

«Ага кош бойлуу кезинде физикалык күч колдонулуп жатат. Анын Бишкекте жашаган эжесинин айтымында, биринчи баласы боюнда бар учурда бөлмөдө кийимдерин алмаштырып жатканда денесинен тактарды байкаган. Аны күйөөсү шланг менен сабаган, анда ал 15-16 жашта болчу», - деди Р.Султанова.

Анын айтымында, өспүрүм кыз кош бойлуу катары каттоого да алынган эмес. Ал социалдык кызматкерлерден бул окуяны катуу көзөмөлгө алууну суранды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2834
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×