Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Нарын

Нарында салык кызматына нааразы болгон чачтарач кызматкерлери мэриянын алдына чогулушту (фото)

Turmush -  Нарында шаарында чачтарач кызматкерлери көзөмөл кассалык аппараттарынын коюлушуна нааразы болушууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Алардын айтымында, 2018-жылдын 7-февралында Нарын шаардык салык башкармалыгы Нарын шаарындагы чачтарач жана сулуулук салондорунда кызмат көрсөткөн кызматкерлер милдеттүү түрдө маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар көзөмөл кассалык аппараттарын сатып алып, аны ушул жылдын 1-мартына чейин ишке ашырууну талап кылган. Бирок салык башкармалыгынын бул талабына Нарын шаарындагы 45 чачтарач жана сулуулук салондорунун кызматкерлери макул эместигин айтып, мэрияга чогулуп, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана шаар башчысына кайрылуу жасашты. Ошондой эле, алар шаар жетекчилерине соода борборлорунан, көп кабаттуу үйлөрдөн орундарды жана павильондорду ижарага алып, иштетип жаткандарын билдиришти. Кызмат көрсөтүүчүлөрдүн билдиргенине караганда, ижарага алган орундар 20 чарчы метрге жетпейт.

«Кызмат көрсөтүү милдеттүү түрдө патенттин негизинде жүргүзүлөт. Анын бир айлык баасы 600 сом. Ал эми Социалдык фондго чегерүүлөр 1798 сом, ижара акысы 4000 сом, электр энергиясы үчүн төлөм 1000 сомдон 4000 сомго чейин. Ошондой эле, коммуналдык кызмат үчүн 530 сомдон төлөйбүз. Биздин тапкан акчабыз анча чоң эмес. Бир кардарды тейлөө акыбыз 100-150 сомду түзөт. Ал эми салык инспекциясынын талабы боюнча алынуучу аппараттын баасы 15000 сомду түзөт. Бул сумма биз үчүн өтө эле көп», - деп билдиришти чогулгандар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3489
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×