Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Нарын

Нарындын Городок чөлкөмүндө жарылган суу түтүгү калыбына келтирилди (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын Городок аймагында жарылган суу түтүгү бир суткада калыбына келтирилип, аймактын тургундары таза суу жана жылуулук менен камсыз болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, 7-февраль күнү Нарын шаарынын Городок аймагындагы ичүүчү суу магистралында авариялык жарылуу болгон. Авариянын кесепеттери Нарын суу канал ишканасынын кызматкерлеринин күнү-түнү иштеген ыкчам аракети менен бир сутканын ичинде жоюлду. 3 метр тереӊдикте жайгашкан узундугу 11 метр суу түтүгү толук алмаштырылып, 9-февраль күнү эртеӊ менен калкка суу берилди.

Ишкананын башкы инженери Ашыр Мамбетовдун айтымында, жарылуунун негизги себеби суу түтүктɵрүнүн эскиргендигине байланыштуу. Кайсы жерде авария болору тууралуу алдын ала эч ким кепилдик бере албайт жана мындай жарылуулар ишкананын катардагы жумуштарынан болуп саналат. Суу токтогондугуна байланыштуу аталган аймактагы 644 абоненттин жылуулук системасы да 8-февраль күнү кечки саат 22:00дɵн эртеӊ мененки саат 8:30га чейин ɵчүрүлүп, суу берилгенден кийин кайрадан кошулду. Жылуулук берүү ишканасынын жетекчиси Улан Айтиев билдиргендей, топтолгон суунун запасы 2 саатка гана жетет. Ошол себептен жылуулукту убактылуу ɵчүрүүгɵ туура келген. Ошондой эле кырдаалдан улам абоненттердин баары жылыткыч пайдаланууга мажбур болгондуктан электр жарыгынын үзгүлтүксүз берилүүсү жергиликтүү бийликтин жана тармак адистеринин тыкыр кɵзɵмɵлүндɵ болуп турду.

9-февраль күнү Нарын шаардык мэриясында ɵткɵрүлгɵн штабдын отурумунда ушул маселе талкууланып, шаардын биринчи вице-мэри Нурбек Молдокадыров тарабынан тармак адистерине жумушчу тартибиндеги бир катар милдеттер белгиленди. Штабдын отурумуна «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын Жарандык коргонуу техникалык коопсуздук кызматынын башчысы Тилек Кыдыров да катышып, Нарындын жылуулук системасынын техникалык коопсуздугунун абалын текшергени келип, жогорудагы маселенин үстүнɵн чыгып калышканын, Нарындагы бардык кызматтар ар кандай кырдаалдарга даяр экендигине күбɵ болгонун айтып, айрыкча суу канал ишканасынын кызматкерлерине ыраазылык билдирди.

Тема боюнча: Нарындын Городок чөлкөмүндө суу түтүктөрү жарылды (фото)

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1330
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×