Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Нарын

Тарых инсаны: Болуштун тукуму, сүрөтчү К.Султангазиев Ак-Талаадагы арканын, гербдин автору болгон (фото)

Turmush -  Өткөн замандын залкарлары, эл-журтуна ак кызматын өтөп, жасаган эмгектери менен эл оозуна алынып, азыркы мезгилге чейин аты аталып, даңкы даңкталып жүргөн инсандарыбызды азыркы муундун өкүлдөрү ысымын билгени менен, эмгегин көп биле беришпейт. Ошондуктан алардын эмне эмгек кылгандыгын, ишин чагылдыруу зарыл. Мына ушундай элине ак кызматын өтөгөн инсандарыбыздын бири Султангазиев Кайыпбек Дайырович.

Учурунда, эл башкарып турган Султангазы болуштун уулу Дайыр ата таптык, кулакка тартуу мезгилинде болуштун тукуму аталып, куугунтукталып Ысык-Көл өрөөнүндөгү таякелерин пааналап, Балыкчы шаарына туруктап калат. Ошол куугунтукталып жүргөн учурунда же тактап айтканда 1952-жылы 23-февралда кызыл армиянын түзүлгөн күнү Кайыпбек жарык дүйнөгө келген.

Ал Балыкчы шаарындагы Кычан Жакыпов атындагы орто мектепте билим алып, 1967-1971-жылдары Бишкектеги азыркы Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайында окуган. Жаштайынан сүрөт тартууга кызыккан Кайыпбек окуу жайды бүткөн соң ата-бабасы байырлаган Ак-Талаага көчүп кетүү биринчи максаты болгон. 1971-жылы атасы Дайыр 43 жашында каза болуп, 20 жашка жаңы гана толгон Кайыпбек үй-бүлөсүн алып, Ак-Талаага көчүп барган.

Алгачкы эмгек жолун маданият үйүндө баштаган. Көп кырлуу талантка ээ болгон К.Султангазиев сүрөтчү, уста, кол өнөрчү, зергерчи, модельер, айкелчи, мыкты музыкант, комузчу, акын жана спортчу болгон. Ал Орто Азия жана Казакстан боюнча өткөрүлгөн «Трезвость» көргөзмөсүндө диплом менен сыйланган. Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин президиумунун ардак грамотасын алган. «Көрсөтмөлүү агитация жана саясий плакат» сынагында 1-орунду камсыздаса, 1986-жылы Москвада «Бүткүл дүйнөлүк көрсөтмөлүү агитация жана саясий плакат» боюнча персоналдуу көргөзмөсү өткөрүлүп, эң жакшы жетишкендиктери үчүн диплом жана ардак грамота менен сыйланган. «Сорос-Кыргызстан» фонду тарабынан өткөрүлгөн «Дети Кыргызстана» сынагында 2-орунду ээлесе, 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата уюштурулган теарлардын сынагында «Манастын уулу Сметей» спектаклиндеги көркөм жасалгалоодогу жетишкендиги үчүн КРдин маданият министрлигинин 1-даражадагы диплому жана ардак грамотасы менен сыйланууга жетишкен. Мындан тышкары бир нече жолу республикалык жана эл аралык көркөм сүрөт, плакат сынактарында жеңүүчү аталган.

Ал эми атактуу сурөтчүнүн Ак-Талаа жергесине жасаган эмгектери туурасында айтсак, К.Султангазиев Ак-Талаа районунун гербинин, райондук тарых музейинин долбоорунун, райондук чек ара белгисинин (арка), Баетов айылындагы Дөрбөлжүн аянтынын, МЭЛС ашуусунун белгисинин автору болгон. Мына ушундай маданиятка кошкон зор эмгектери үчүн 2001-жылы маркум К.Султангазиевдин ысымы райондук маданият үйүнө берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1014
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×